Ысык-Ата районунда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферманын иши токтотулду

  • 3 месяца мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында майнинг-ферманын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган, “Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн 700дөн ашык жабдуу алынган.

Тактап айтканда, майнинг-фермалардын ээлери «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамга ылайык, расмий каттоодон өтпөстөн, милдеттүү сертификатты албастан, каттоо үчүн жыйымдарды, ошондой эле башка төлөмдөрдү төлөбөстөн криптовалюта алууну уюштурушкан.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты