Ысык-Ата районунда мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.    

Маалыматта айтылгандай, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен майнинг-ферма уюштургандары аныкталды.

УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты