Ысык-Ата районунда мал фермадан өрт чыгып, 18 бука күйүп кетти
- 12 месяцев мурун
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында кечээ, 10-июнда мал фермадан ири өрт чыгып, аны өчүрүүгө райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №27 өрттөн куткаруу бөлүгүнөн эки бөлүм тартылган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай жана үстүндө жыйылган 2000 түк чөп, сарайда байлоодо турган 18 баш бука күйүп кеткен. Ал эми 15 баш бука сакталып калган.
Өрттүн себеби такталууда.
Муну бөлүшүү




