Ысык-Ата районунда күйөөсү мас абалында аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө    

  • 2 года мурун

Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгына 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, андан улам каза болгону жөнүндө маалымат келген.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган окуя боюнча кылмыш-жаза  кодексинин 122-беренеси  (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү К.М.  1982-жылы туулган Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабаган. Алган жаракатынан улам аялы каза тапкан.  

Аталган жаран кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ысык-Ата районунда күйөөсү мас абалында аялын сабап өлтүрүүгө шектелүүдө    
Шектүү күйөөсү.

Башкы иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан. Шектүү: Чүй ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты