«Ырыс Ордо» конгресс-борборунун ачылышы 24-августта өтөт

“Ырыс Ордо” конгресс-борборунун расмий ачылышы 24-августта өтөт. Садыр Жапаров 22-августта, Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” Конгресс-борборунун расмий ачылышына даярдык көрүү иштери менен таанышып чыкты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, комплекс 14,7 га аянтта жайгашып, анын курамына борбордук имарат жана расмий делегацияларды, жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз мейман үйү кирет.

Конгресс-борбор эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс болуп саналат.

Борбордук имаратта 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы жана 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар каралган.

Президент Садыр Жапаров аткарылган иштердин сапатына жогору баа берип, объекттин алдыдагы ачылышка даярдык деңгээлине канааттанганын билдирди.

Сапардын жүрүшүндө ал расмий делегациялардын башчылары үчүн каралган мейман үйлөрүн да көрүп чыкты. Анда жогорку даражалуу коноктордун жайлуу эс алуусу, иш жолугушууларын жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Мейман үйлөрүндө жашоо жана иш бөлмөлөрү, жолугушууларды өткөрүү үчүн залдар, ошондой эле эс алуу зоналары бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты