Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, “Бишкек Арена” стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты.

Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында мамлекет башчыга алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү көрсөтүлдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Мелдештерге ар кайсы өлкөлөрдөн келген спортчулар катышып, спорттун салттуу түрлөрү жана этномаданий дисциплиналар боюнча күч сынашат.

Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты
Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Ага чейин Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта, Бишкек шаарындагы “Ырыс Ордо” Конгресс-борборунун расмий ачылышына даярдык көрүү иштери менен таанышып чыкты.

Комплекс 14,7 га аянтта жайгашып, анын курамына борбордук имарат жана расмий делегацияларды, жогорку даражалуу конокторду жайгаштырууга арналган сегиз мейман үйү кирет.

Конгресс-борбор эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө арналган мамлекеттик маанидеги заманбап комплекс болуп саналат.

Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдыктын жүрүшү менен таанышты

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты