Ырчы Рустам Сагыналиев көз жумду

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын “Эл шайырлары” фольклордук тобунун ырчысы Рустам Сагыналиев узакка созулган оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.   

Бул тууралуу Улуттук филармония жамааты кабарлады.

«Улуттук филармониянын А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун ырчысы Рустам Сагыналиевдин узакка созулган оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, ага туугандарына, жакын адамдарына жана чогуу иштеп келген жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун» Биз сени эч качан унутпайбыз» деп билдирди Улуттук филармониянын жалпы жамааты.

Ырчынын катуу сыркоолоп жүргөндүгү жана боорун алмаштырууга муктаж экендиги айтылып, кесиптештери аны колдоо үчүн кайрымдуулук иш-чараларды уюштурулуп келген.  

Рустам Сагыналиевдин аткаруусунда «Кызым», «Өтүнүч», «Апакем» ж.б. ырлар белгилүү.

Анын артында эки баласы калды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты