Ырчы, актер Вахтанг Кикабидзе дүйнөдөн өттү
- 1 год мурун
Грузиянын эл артисти, ырчы, актер жана режиссер Вахтанг Кикабидзе 84 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Мтавари Архи» аттуу Грузия телевидениеси маалымдады.
Вахтанг Кикабидзе — СССР учурундагы эң популярдуу эстрада ырчыларынын бири болгон. Ал музыкалык карьерасын 1959-жылы баштаган. Алгач эстрадалык топтордо, ал эми 1980-жылдардан тартып жалгыз ырдап чыккан.
Анын аткаруусундагы “Сүйүүнү узатуу”- “Проводы любви”, «Чито-Гврито», “Таш боор-«Бессердечная», “Ырда баарын айта албайсың”- «Обо всем не скажешь в песне», “Жаштыгым калчы”- «Останься, молодость», “Сөз соңу”- «Вот и весь разговор», “Эскерүү”-«Память», “Менин жылдарым”- «Мои года», “Атанын ыры”- «Отцовская песня» аттуу ырлары менен кеңири белгилүү болгон.
Вахтанг Кикабидзе киноактер катары алгачкы ролду 1966-жылы Николай Санишвилинин “Тоодогу жолугушуу” фильминде ойногон. Ал эми “Мимино”, “Кайгырба” (“Не горюй!”) фильминен кийин ал кеңири белгилүү болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.