YouTube орусиялык мамлекеттик ЖМК каналдарын токтотот

  • 2 года мурун

YouTube каналы орусиялык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын YouTube каналдарын токтотот.

Бул тууралуу Reuters агенттиги каналдын өкүлүнө шилтеме берип билдирди.

“Биздин коомдоштуктун эрежеси Орусиянын Украинага басып кириши боюнча күч актыларын жакшылап документтештирген же сылап-сыйпап билдирген контенттерге тыюу салат, ошондуктан биз андай саясатты бузгн контенттерди токтотобуз” деп билдирген Reuters агенттигине YouTube каналынын басма сөз катчысы Фаршад Шадлу. «Ошондуктан биз орусиялык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын каналдарын блоктойбуз” деген ал.

Азыркы учурда  YouTube РИА Новости, Spuntik, «Россия сегодня”  каналдарын блоктогон.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. 

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилдердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.  

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты