Касымалиев Starlink компания өкүлү менен Кыргызстанда спутниктик интернетти ишке киргизүүнүн акыркы этаптарын талкуулады
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев SpaceX компаниясынын Starlink тармагында улук директору Райан Гуднайт менен жолукту.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Жолугушуу Вашингтондо Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында өттү.
Диалогдун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында спутниктик интернетти ишке киргизүү боюнча системалуу иштердин жыйынтыгын жана пилоттук долбоорго бардык зарыл болгон уруксаттарды алуу процессинин аякташын жыйынтыкташты.
Адылбек Касымалиев өткөн жылдагы сүйлөшүүлөрдө тараптарга сервисти пилоттук түрдө ишке киргизүүнү камсыздоо боюнча стратегиялык милдет коюлганын эске салды.
Starlink компаниясы өз кезегинде бардык зарыл талаптарды аткарып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен келишимдерге кол койгон.
Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы мезгилге пландалып жаткан сервистин техникалык ишке киргизилишине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар спутниктик интернетти киргизүүнүн күтүлүп жаткан олуттуу социалдык таасирин талкуулашты: алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактардын жашоочулары үчүн жогорку ылдамдыктагы байланышка жетүүнү камсыз кылуу, ошондой эле мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди санариптик ресурстарга кошуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга жана кызматты ийгиликтүү ишке киргизүүгө жана Кыргыз Республикасындагы социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга багытталган координацияланган күч-аракеттерге умтулгандыктарын ырасташты.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




