“Ынтымак-Манас ордосу”. Садыр Жапаров президенттик администрация имаратынын сунушталган аталышына токтолду
- 1 ай мурун
Президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратын “Ынтымак — Манас ордоce” деп атоого токтолуу тууралуу пикирин Фейсбук баракчасы аркыоуу билдирди.
-Сунушталган варианттардын ичинен төмөнкү төрт аталыш көбүрөөк аталыптыр:
Ак Ордо, Кут Ордо, Айкөл Ордо жана Ынтымак Ордо.
«Ынтымак Ордосу» жеке менин сунушум эле. Көпчүлүктүн сунуштарынан улам, дагы бир атты кошуп, «Ынтымак-Манас Ордосу» десек ылайык болчудай, -деди президент Жапаров.
Буга чейин Садыр Жапаров кыргызстандыктарга жаңы президенттик администрациянын жаңы имаратынын аталышына сунуш берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Сүрөт: Курулуп жаткан имарат. 24kg
Муну бөлүшүү