Улуттук банк миң тоннага чейин алтын сактаган кампага ээ болду
- 10 месяцев мурун
Мамлекет өзүнүн корун чет өлкөдө сактоого аргасыз болгон. Мындан ары Улуттук Банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Улуттук банктын жаңы имаратын ачуу учурунда билдирди.
Буга байланыштуу мындан ары биз өз запастарыбызды ишенимдүү сактап гана тим болбостон, чет элдик өнөктөштөргө да ушундай кызматтарды көрсөтө алабыз деп баса белгиледи.
“Мамлекеттин күчү анын алтын резерви же жер байлыгы менен гана чектелбейт, ал элдин ишениминде, мыйзамдын үстөмдүгүндө жана жөнөкөй адамдардын жашоо-турмушун жакшырта билүүдө. Улуттук банк – мына ушул баалуулуктардын күзөтчүсү болушу шарт” деди президент.
Сүрөт: president.kg




