Баткенде милициянын жаңы имараты пайдаланууга берилди
- 4 недели мурун
5-октябрда Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда ИИМдин Ички аскерлерине жана Баткен ОИИБге тиешелүү жаңы курулган имараттар пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу ички иштер министрлиги сайтында билдирди.
Пайдаланууга берилген жаңы имараттар — айылдык милициянын эки бөлүмчөсү, милициянын аймактык үч жана ички аскерлер бөлүгүнүн имараты.
Иш-чарага ички иштер министри, Улан Ниязбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана меймандар катышты.
Иш-чаранын катышуучулары жаңы ачылган имараттарга киришип, өздүк курамга түзүлгөн заманбап шарттар менен жакындан таанышып чыгышты.
Сүрөт: mvd.gov.kg
Муну бөлүшүү