Улуттук банктын жаңы имараты ачылды
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Бишкек шаарында Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Садыр Жапаров ошол жоопкерчиликтүү мезгилде Улуттук банк мамлекеттин экономикалык пайдубалын бекем түптөй алганын белгиледи.
Президент өз тарыхында Улуттук банк инфляция, каржылык кризистер, пандемия, дүйнөлүк өзгөрүүлөр сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды баштан кечиргенин ырастады. Бирок алардын ар биринде мекеме өзүнүн туруктуулугун жана кесипкөйлүгүн далилдеп келди.
“Бүгүнкү күндө биздин сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюталардын бири деп таанылууда” деп белгиледи президент.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




