№7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды
- 11 месяцев мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта, ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Иш-чарага ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам катышты.
Мамлекет башчы өз сөзүндө 1966-жылы курулган мурдагы имарат болгону 200 аскер кызматкерине ылайыкташтырылганын, бирок анда 300дөн ашуун адам кызмат өтөп, шарттар жетишсиз болуп келгенин эске салды.
Ал жаңы инфраструктура заман талабына толук жооп берерин жана аскер кызматчылары үчүн татыктуу шарттарды камсыздай турганын белгиледи.
“Жоокерлердин жатаканасынан тарта этно-конок үйүнө чейин каралып, 22 кичи имаратты камтыган, жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн, бүгүнкү замандын талабына төп келген шаарча курулду. Мындан сырткары, заманбап санарип каражаттары жана материалдык-техникалык керектөөлөр менен камсыздадык, муну менен ички аскерлердин ыкчамдыгы жогорулайт деп үмүт артам”деп белгиледи президент.
Президент ошондой эле аскерлер керектүү атайын аскердик техника менен камсыздалганын белгиледи. 10 жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди, дагы 30у реконструкцияланды.
Садыр Жапаров заманбап аскер шаарчасы (штаб, клуб, спорттук комплекс, ашкана, кампалар, медициналык пункт жана башка инфраструктуралык имараттар), ошондой эле атайын техникалар менен таанышты.









