Салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти.

Маалыматта айтылгандай, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгын, үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгын төлөө керек.

2026-жылы төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөөгө болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда карыздын суммасына мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,09 % өлчөмүндө туум эсептелет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты