Салык кызматкери уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө жардам берүүгө шектелүүдө    

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргыз Республикасына уюлдук байланыш каражаттарын мыйзамсыз алып келүү каналын уюштуруп, аларды андан ары Бишкек шаарынын борбордук соода жайларында сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Бул тууралуу УКМК 13-июлда билдирди.

Малыматта айтылгандай, көмүскө жүгүртүүдөн өлкөгө бажы жана салык көзөмөлүнөн жашыруун өткөрүлүп, мыйзамда каралган төлөмдү төлөбөстөн жана милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөстөн алып келинген ири көлөмдөгү уюлдук телефондор партиясы алынды.

Тергөө тарабынан мыйзамсыз алып кирүү каналын уюштуруучулардын бири – чет мамлекеттин жараны Н.Б.Ж., ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери Б.И.М. кармалды. Ал материалдык сый акы үчүн Бишкек шаарында контрабандалык товарларды мыйзамсыз өткөрүүгө көмөк көрсөткөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты