Владимир Жириновский дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун

Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновский узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.  

Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.  

“Узак убакыт оорудан кийин Владимир Вольфович Жириновский дүйнөдөн кайтты” деп билдирди Мамдуманын спикери Вячеслав Володин бүгүн, 6-апрелде, пленардык жыйында.

Россиянын мамлекеттик Думанын депутаттары жыйында Владимир Жириновскийди бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти жана жыйында танапис жарыяланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты