Канттагы заводдон чыккан өрттөн кытай жараны каза болду
- 2 месяца мурун
Канттагы заводдон чыккан өрттөн кытай жараны каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Канттагы өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында чыккан өрт кырсыгына такталган маалыматка ылайык, ири өрткө 4 күжүрмөн эсеп 5 өрт өчүрүүчү унаа, 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Муну бөлүшүү