Бишкекте 72 жаштагы жаран сабалып, каза болду
- 2 месяца мурун
Бишкекте 72 жаштагы жаран сабалып, каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
17-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «102» кызматына медициналык мекемеден 1952-жылы туулган жаран М.Т. денесинен алган жаракаты менен жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, абалы оор экени тууралуу маалымат түшкөн. Эки күндөн кийин ал алган жараатынан улам каза болгон.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары 1987-жылы туулган О.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү