Виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү мыйзамына кол коюлду
- 3 недели мурун
Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамда “стейблкоин (stablecoin)” түшүнүгүнүн аныктамасы такталган, ошондой эле “реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token — RWA Token)”, “мамлекеттик майнинг”, “мамлекеттик криптовалюта резерви” сыяктуу түшүнүктөрүнүн аныктамалары менен толукталат.
Мыйзамда виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында президент белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу экендиги каралган.
Ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган лицензиялоону жана уруксат берүүчү документтерди берүүнү жүзөгө ашырары белгиленген.
Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүү боюнча лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылат.
Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнингди жүзөгө ашырууга укуктуу.
Сүрөт: president.kg




