Венгрияда чет элдик жарандар үчүн эмгек миграциясынын жаңы шарттары киргизилди
- 3 месяца мурун
Венгрияда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат берүүчү документтерди тариздөө боюнча жаңы эрежелер киргизилген.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү түшүндүрдү: .
2025-жылдын 1-январынан тартып Венгрия бардык чет өлкөлүктөргө жумушка орноштуруу максатында улуттук узак мөөнөткө виза берүү эрежелерин өзгөрттү. Эми мындай визалар Венгрия же Европа Биримдиги менен реадмиссия (артка кайтаруу-ред.) жөнүндө келишими жок өлкөлөрдүн жарандарына берилбейт.
Бул чаралар Венгрия тарабынан миграциялык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана миграциялык мыйзамдарды бузган учурда чет өлкөлүк жарандардын кайтып келиши үчүн укуктук негиздерди камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Бул контекстте министрлик Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары азыркы учурда Европа Союзунун өлкөлөрү, анын ичинде Венгрия менен реадмиссия жөнүндө келишимдерди түзүү маселесинин үстүндө иштеп жатканын белгилейт.
Министрликтин пикири боюнча, мындай келишимдер өлкөлөр ортосундагы миграциялык процесстерди тартипке келтирүүгө өбөлгө түзөт жана чет өлкөлөрдө узак мөөнөткө расмий ишке орношууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Вена. Интернет булактарынан