ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев Венгриянын ордени менен сыйланды

  • 3 месяца мурун

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев Венгриянын Эмгек сиңирген ордени менен сыйланды. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.

Сыйлык Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын сунушу менен, президент Тамаша Шулёктин жарлыгы менен ыйгарылды. Раев бул сыйлыкка түрк дүйнөсү менен Венгриянын кызматташтыгын чыңдоодогу эмгеги үчүн берилди.  

Султан Раевге орденди Венгриянын маданият жана инновациялар министри Балаж Ханко тапшырды.  

Сүрөт: ТҮРКСОЙ 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты