Дональд Трамп Владимир Путин менен Венгрияда жолугушаарын билдирди

  • 2 месяца мурун

АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Венгрияда жолугушмакчы.

Бул тууралуу АКШнын президенти Трамп Truth социалдык тармагында билдирди. Буга чейин Трамп Путин менен телефон аркылуу эки сааттай сүйлөшкөнү маалым болгон.  

Жолугушууга чейин эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугат, ага АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио катышары белгилүү болду.

Россиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, Владимир Путин Трамп менен Венгрияда жолугушууну кубаттаган.

17-октябрда Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушмакчы. Анда Киевге “Томагавк” ракеталарын жеткирүүнү да талкуулай турганы айтылууда.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты