“Чыгыш менен Батыштын жолугушчу жери”. Президент Венгрияда ТМУ бейформал саммитине катышат
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 20-21-майда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат.
Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Уюмдун байкоочу өлкөсү — Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталат.
Иллюстрациялык сүрөт: Будапешт. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү