Венесуэланын убактылуу башчысы Делси Родригес АКШга кызматташууну сунуштады
- 1 месяц мурун
Венесуэланын убактылуу мамлекет башчысы Делси Родригес айым АКШга кызматташууну сунуштады. Бул тууралуу DW басылмасы билдирди.
“Каракас коңшулар менен тынчтыкта, тышкы коркутуу-үркүтүүдөн алыс болуп, сый жана эл аралык кызматташтыктын алкагында жашоого умтулат” деп билдирди Делси Родригес Инстаграм баракчасындагы ачык катында 4-январда.
Делси Родригес АКШ бийлигин кызматташууга чакырды.
“Биз АКШ өкмөтүн эл аралык укуктун жана коомдо тынч жашоого умтулуу алкагында кызматташууга чакырабыз” деп жазды Родригес.
Родригес айым АКШнын президенти Дональд Трампка түз кайрылып, эки эл жана эки аймак “согушту эмес, тынчтыкта жашоого, диалогго барууга” татыктуу болгонун айтты. Бул тууралуу Венесуэланын мурдагы президенти Николас Мадуро да ушундай ниетте болгонун билдирди. Николас Мадурону жана анын аялын АКШ аскердик операция учурунда өлкөдөн чыгарып, АКШ Нью-Йоркко алып кетти.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын убактылуу башчысы Делси Родригести Америка бийлиги менен кызматташпаса, өтө “чоң жыгылышка ” түшөрүн The Atlantic басылмасына билдирген.
Делси Родригести Венесуэланын Жогорку соту убактылуу башчысы кылып дайындады.
3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада аскер операциясын жүргүздү. Венесуэланын борбору Каракас шаарына жана Миранда, Арагуа жана Ла-Гуайра шаарларына абадан сокку урулду. Ал эми атайын аскерлер өлкөнүн президенти Николас Мадурону жана анын аялы Силия Флорести кармап кетишти. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди. АКШнын
башкы прокурору Пэм Бонди Николас Мадурого жана Силия Флореске Нью-Йорктун Түштүк округунда расмий айып айтылды.
Венесуэланын президенти Мадуро жана анын аялы наркотерроризмге айыпталып, АКШга кокаин алып кирүү, курал жана жардыргыч заттарды жыйып, аларды АКШга каршы коюуга айыпталууда.
Сүрөттө: Делси Родригес. Интернет булактарынан




