Венесуэланын президенти Николас Мадурону түн ичинде кармашты

  • 5 месяцев мурун

CNN каналынын билдирүүсү боюнча, америкалык аскерлер Венесуэланын президенти Николас Мадурону жана анын аялы Силия Флорести түн ичинде, алар уктап жатканда кармашты. Учурда АКШнын бийлиги Мадурону жана анын аялын Нью-Йоркко жеткирүү планын иштеп чыгышууда. Манхэттенде алар үчүн федералдык сот болот. АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын аялы Силия Флорес Нью-Йоркко кеме менен жеткирилерин айтты.

3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада аскер операциясын жүргүздү. Венесуэланын борбору Каракас шаарына жана Миранда, Арагуа жана Ла-Гуайра шаарларына абадан сокку урулду. Ал эми атайын аскерлер өлкөнүн президенти Николас Мадурону жана анын аялы Силия Флорести кармап кетишти. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдирди. АКШнын
башкы прокурору Пэм Бонди Николас Мадурого жана Силия Флореске Нью-Йорктун Түштүк округунда расмий айып айтылды.

Венесуэланын президенти Мадуро жана анын аялы наркотерроризмге айыпталып, АКШга кокаин алып кирүү, курал жана жардыргыч заттарды жыйып, аларды АКШга каршы коюуга айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты