Венесуэлада эки жолу жер катуу титиреди
- 3 месяца мурун
24-июнда Венесуэланын борбору Каракас шаарында 7,2 жана 7,5 магнитудасына жеткен эки жолу жер титирөө катталды.
Каракас шаарынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, шаарда үйлөр жана имараттар кулады.
АКШнын геология кызматынын божомолунда, каза тапкандардын саны 10 миңден 100 миң кишиге жетиши ыктымал. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн кеминде 32 киши каза таап, 700дөй киши жабыркады.
Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес өлкөдө өзгөчө кырдаалдар киргизүүнү жарыялады.
Биринчи жолку жер титирөө 24-июнда жергиликтүү саат 18:де, Каракас шаарынан 168 чакырым алыстагы Морон шаарында болгон. Экинчи жер титирөө Морон шаарына 16 чакырым жакын жерде болгон.
Сүрөт: Reuters
Муну бөлүшүү




