Вашингтондо С5+1 саммити өттү. Кыргызстан РегТек инновацияларынын аймактык хабын түзүүнү сунуштады
- 1 месяц мурун
Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында 6-ноябрда С5+1 форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны өттү. Иш-чара «С5+1» диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.
Президент Садыр Жапаров «Борбордук Азия — АКШ» (C5+1) саммитине катышты жана сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчынын сайтында Жапаровдун саммиттеги сөзү тууралуу маалымат жарыяланды.
“Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен алакаларында үч стратегиялык багытка көңүл бурат. Биринчиден, бул гидроэнергетика. Биздин жалпы гидроэнергетикалык потенциал жылына 140 миллиард кВт⋅сааттан ашат, бирок анын болгону 15% гана колдонулат. Кыргызстан бул тармакта инвестиция үчүн пайдалуу ири долбоорлорду сунуштоого даяр. Экинчиден, бул транспорттук байланыштар. Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргызстан регион аралык байланыштарды чыңдоого жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура курууга өзгөчө көңүл бурат. Бул сооданы кеңейтүүгө жана регионду транзиттик борборго айлантууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми үчүнчү багыт — бул маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү” деп билдирди президент Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан АКШга эч нерсе экспорттогон эместигин, бирок акыркы жылдары АКШга Айти кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйгөнүн билдирди.
“Акыркы беш жыл ичинде АКШга Айти кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү.2024-жылы кыргыз Айти адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетке кызматтарын 130 миллион долларга экспорттоп, бул багытта АКШ биринчи орунду ээледи.Айти кызматтарынын 40%ы АКШга экспорттолду, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга.Эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт. Тактап айтканда, америка тарабына Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштамакчымын” деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: president.kg




