«Вагнер» азгырыгына алданган дагы бир жигиттин сөөгү согуштан келди

  • 1 год мурун

Орусиянын түрмөсүндө жатып, “Вагнер” аттуу жеке аскер компаниясынын азгырыгынан улам Украинага согушка кетип, дагы бир кыргыз жигити көз жумду.

Бул тууралуу “Азаттык”  жазып чыкты.

Маркум кыргызстандык жигиттин апасы уулунун “Вагнердин” азгырыгынан улам согушка аттанып, ошол жактан 6-февралда эле кайтыш болгонун, аны эми гана угузуп жатышканын айткан.
Согушта каза таап, сөөгү келген Эрлан Эрмеков бир үйдүн жалгыз уулу болгон.

Ушундан улам ата-энелер Орусиянын түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин чечип берүүнү кыргыз бийлигинен суранып жатышат.

«Азаттык» февраль айынын башында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит, 30 жаштагы Эрлан Эрмеков «Вагнер» жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылганын жазган. 

Бул ушуну менен «Вагнердин» азгырыгынан кийин согушка аттанып кеткендердин арасындагы каза тапкан төртүнчү кыргызстандык.
Маркумдун сөөгү Ош облусунун Араван районунда жерге берилгени маалымдалды.

Украинада Орусиянын армиясы өткөн жылдын жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнердин жеке аскердик компаниясы” абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолгондорду азгыруу иштерин бул компаниянын негиздөөчүсү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

Олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган.

“Вагнердин жеке аскердик компаниясы” – бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып турат. Вагнерчилер бир катар аскердик кылмыштарга шектелип жүрүшөт.

Кыргызстан Украинадагы согушта нейтралдуу позицияда экенин кайталап келет. Ал согушка катышкан жарандарга мыйзамда катаал жазалар каралганын бир нече жолу эскерткен.

Сүрөт: «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты