Устаканага келип, ишкерди коркуткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына  (ОИИБ) Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 17-январь күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунда жайгашкан устаканасына Баха аттуу жаран келип, бычакты мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп, “100 000 сом акчаны коюп кой” деп коркуткандыгын билдирген.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган факты кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, “Пахир Калла” каймана аттуу Сузак районунун тургуну 1975-жылы туулган Б.Б. кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон.

5-февраль күнү Б.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.

Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты