Ушул жылы 2000 кыргызстандык Улуу Британияга айыл чарба жумушуна бара алат

  • 1 год мурун

2023-жылы 2000 кыргызстандык Улуу Британияга, айыл чарба жумушуна бара алат. 18 жаштан 46 жашка чейинки кыргызстандыктар 6 айга, саатына 10 фунт стерлинг эмгек  акы алып, иштей алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган министрликтин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору Кореяга, Перс булуңундагы мамлекеттерге жана Улуу Британияга жумушка орноштуруу иштеринин үстүндө иштеп жатат.  Алсак, өткөн жылы эмгек министрлиги менен Агро HR жеке компаниясынын макулдашуусу боюнча, 1500 кыргызстандык жаран айыл чарбасына жумушка жиберилген.

13-январда КР Эмгек министрлиги менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу оператору менен Кыргызстан жарандарын Улуу Британияда жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, 2023-жылы Кыргызстандан Улуу Британияга 2000 адам айыл чарба жумушуна иштей алат. Анда 18 жаштан 46 жашка чейинки адамдар, 6 айга, саатына 10 фунт стерлингэмгек  акы алып, иштей алат.  

Сүрөт: Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты