Ушул жылдын 6 айында 10 миң 75 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

  • 1 месяц мурун

2025-жылдын 6 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунда өткөн “Аялдар менен балдарды зомбулуктан коргоону күчөтүү  боюнча биргелешкен чаралар” аттуу тегерек столдо сөз болдуу.

Талкууга акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, БУУ Аялдар уюмунун өкүлү Сайед Садик, Башкы прокуратуранын, Жогорку соттун, Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаментинин, Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Агартуу министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана коомдук уюмдардын, кризистик борборлордун өкүлдөрү катышты.

Акыйкатчы коомдун орчундуу көйгөйү — аялдар менен балдарга карата зомбулукка өзгөчө көңүл бөлүп, өзүнүн жылдык баяндамасында анын алдын алуу чараларын күчөтүүнү сунуштап келерин белгиледи.

“Зомбулук фактыларына гана эмес, анын себептерин да иликтеп, ата-энелер жана үй-бүлөлөр менен системалуу иш алып баруу, ошондой эле аялдар жана балдар менен иштеген адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу маанилүү” деди акыйкатчы.

Анда айтылгандай, Кыргызстандагы 218 миң майыптуулугу бар жарандын 40 пайызы аялдар жана кыздар.
«Равенство» уюмунун Кыргызстандын 7 облусу боюнча жүргүзгөн сурамжылоосуна  катышкан 150 аялдын 93 пайызы зомбулукка кабылганын айтышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2025-жылдын 6 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 75 билдирүү катталып, 310 кылмыш иши козголгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты