Кара-Кулжа районунда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кылмыш иши козголду
- 3 месяца мурун
2026-жылдын 8-июнунда Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгына, 2002-жылы туулган З.К.Ы. арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 8-июнуна караган түнү саат 02:30 чамасында жолдошу, 1994-жылы туулган С.у.А. тарабынан сабалганын билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, үй-бүлөлүк келишпестиктен улам С.у.А. жубайы З.К.Ы.га дене жараатын келтиргендиги аныкталган.
Жабырлануучунун алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коргоо ордери берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун алган жаракаты «ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракаты» деп бааланган.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кийинчерээк жабырлануучу соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул эместигин билдирип, соттук-комиссиялык экспертиза дайындоону өтүнгөн.
Анын өтүнүчү каралып жаткандыгы жана комиссиялык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынары айтылат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




