Алтынчы кабаттан балдары менен кулаган келин күйөөсүнөн зомбулук көргөнү айтылууда
- 1 месяц мурун
Бишкекте алтынчы кабаттан эки баласы менен кулап кетип, өзү, бир баласы көз жумган жана бир баласы оор абалда жаткан келиндин күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн анын туугандары айтууда.
Социалдык тармактарда келиндин көгала болгон сүрөттөрү жарыяланып, ал окуянын алдында күйөөсү башка бир аял менен үйүнө мас абалында келип, андан кийин чатак чыгып, арты кайгылуу бүткөнү белгиленген.
Ал биринчи бир баласын ыргытып, андан кийин экинчи баласын ыргытып, анан өзү секирип кеткен деген божомол коошпой жатат, алардын сөөгү табылган жер менен айтылган божомол туура келбейт деген.
Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган аялдын күйөөсү, А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынган. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.
4-апрелде кечке жуук Бишкектеги “Жал” кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен аял кулап кеткен. 27 жаштагы аял эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан берген. Төрт жаштагы наристе кызы ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Балкондон кулаган наристе өтө оор абалда ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балкондон кулаган наристе көптөгөн жаракаттарды алган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




