USAIDдин колдоосу менен Кыргызстандын айыл чарба компаниялары Өзбекстанга экспорт келишимдерине кол коюшту

  • 2 года мурун

Өткөн жумада, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргызстандын айыл чарбасынын он ишканасы Ташкент шаарында өткөн UzFood-2022 көргөзмөсүнө катышты.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө кыргыз компаниялары Өзбекстандын соода түйүндөрү жана тамак-аш жана суусундуктар менен алек ишканалар менен жолугушту.

Кыргызстандын ишканалары мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшту. Эң ири келишимдер 1,7 миң тонна алма жана 100 тонна жаңгак жана мисте экспорттоо боюнча түзүлдү.

Кыргызстандын делегациясынын курамына «Бай-Дыйкан», «Ишкер KG», «Келечек» кооперативдери, ошондой эле «Обид Файз» ЖЧКсы, «Ала-Бука Кыргыз-Эт» ЖЧКсы, «Абил» логистикалык борбору, Якубжон Алимжанов, Алмазбек Суранов, Дуулатов, Суранов Алмазбек жана Хадия жеке чарбасы киришти. Ишканалар Ош жана Жалал-Абад облустарынын айыл чарба азыктарын: алма, кара өрүк, мисте, жаңгак жана жаңгак майын, ошондой эле эт жана сүт азыктарын, шире жана суусундуктарды тартуулашты.

«Бул биздин ишкерлер үчүн Өзбекстандык өнөктөштөр менен жолугушууга, бизнес-идеяларды алмашууга, агрардык секторду өнүктүрүүнүн алдыңкы бизнес тенденциялары, тамак-аш өндүрүшү, ошондой эле технологиялар жана инновациялар менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт», –деди Салтанат Эрбаева, кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштеткен Дуулатов ишканасынын өкүлү.

USAIDдин колдоосу менен Кыргызстандын айыл чарба компаниялары Өзбекстанга экспорт келишимдерине кол коюшту
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты