USAGM «Азаттыктын» грантынын бир бөлүгүн кайтарат
- 2 месяца мурун
Булак: «Азаттык»
АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) Конгресс тарабынан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна бөлүп берүүгө макул болду.
Бул чечим радионун АКШнын өкмөттүк агенттигине каршы арызы сотто каралар алдында жарыяланды. «Эркин Европа / Азаттык» радиосу агенттиктин федералдык каржылоону токтотуу аракетине каршы сотко кайрылган.
Агенттик 24-мартта кабыл алган бул чечимдин негизинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосу 7,46 миллион доллар алат. Бул сумма радионун 1-марттан 14-мартка чейинки (USAGM каржылоону токтотконун жарыялаган күндүн алдындагы мөөнөт) чыгымдарды жабууга багытталган.
«Агенттик каражатты бөлүп берүү үчүн зарыл болгон административдик чукул кадамдарды таштады «, – деп айтылат USAGM агенттигинин сотко жолдогон катында. Анда каражат 26-мартка чейин бөлүнүп, «Эркин Европа/Азаттык» радиосу аны айдын аягына чейин алаары көрсөтүлгөн.
24-мартта өткөн соттук угууларда АКШнын Юстиция министрлигинин адвокаты Эбигейл Стоут билдиргендей, USAGM менен «Эркин Европа/Азаттык» ортосундагы келишимге ылайык, агенттик радионун каржылоосун токтотууга укуктуу.
«Мыйзамда агенттиктин грантты токтотууга укугу бар экени каралган» деди ал.
Буга жооп катары радионун юристи Дэвид Зионц Конгресс агенттиктерге каалаганын кылуу үчүн каражат бөлбөй турганын белгилеп: «Мындай чечим эч кандай логикага сыйбайт» деп жооп берди.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосу агенттиктен 2025-финансылык жылына (30-сентябрга чейин) каралган толук гранттын берилишин талап кылып, соттон агенттиктин чечимине убактылуу тыюу салууну өтүнгөн. Бул маселе боюнча судья Ройс Ламберт жакынкы жумаларда чечим кабыл алат деп күтүлүүдө.
Булак: “Азаттык”
Сүрөт: AP