Ур-токмокко алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топ менен мурда байланышка шектүүлөр кармалды
- 12 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК( Кыргызстандын А.А.А.аттуу жараны кылмыш чөйрөсүндөгүлөр тарабынан катуу сабалгандыгы жөнүндө арыз менен кайрылган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыздануучунун денесинен оор жаракат аныкталып, өмүрүнө коркунуч келтирилген.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка катыштыгы бар, 1994-жылы туулган, мурда үч жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган А.Ж.Т. жана 2005-жылы туулган А.К.А. аныкталып, кармалды.
Кармалгандар буга чейин «Коен» каймана аттуу Н.М.нын кылмыштуу тобу менен байланышта болушкан.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




