Унаадан өрт чыгып, бир киши жабыркады
- 2 месяца мурун
Кечээ 4-мартта, кечинде Бишкек шаарынын Свердлов районунда унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
«Өрттү өчүрүүгө саат 18:01де Свердлов районунан бир бөлүм тартылып, саат 18:20да өчүрүлдү. Анын кесепетинен 1990-жылы туулган Ж.Г. жеңил күйүк жаракат алып, “Тез жардам” кызматынын кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн» деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү