Бишкекте автобус оор жүк ташуучу унаа менен сүзүштү
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Бишкек мэриясы №45 каттамындагы автобустун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча маалымат берди.
Бишкекте 21-сентябрда саат 11:30 чамасында Жибек Жолу жана Ахматбек Суюмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол-транспорт кырсыгы катталган.
Жибек Жолу көчөсү менен чыгыш багытында бара жаткан, №45 каттамды тейлеген Isuzu Cityport үлгүсүндөгү автобус оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен автобустун бир жүргүнчүсү жаракат алган. Окуя болгон жерге тез жардам бригадасы чакырылып, жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.
Жол-транспорт кырсыгы Ички иштер органдарынын Жол кайгуул кызмат башкармалыгында каттоого алынды. Учурда тиешелүү текшерүү жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




