“Унаа” мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы кармалды  

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура-Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М. жана адиси Д.Н.Д. коррупциялык схема түзгөндүгү үчүн кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК Ички иштер министрлинине (ИИМ) караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Манас- Кара-Буура секторунун кызмат адамдарынын жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаамектебинин мугалимдеринин коррупциялык схемасын аныктады.

Кара-Буура районундагы “Унаа” мекемесинин кызматкерлери жана унаа мектебинин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөндүгү аныкталды.

Жогорудагы факты боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М., жана адиси Д.Н.Д. кармалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты