«Унаа» мекемеси автотранспортту онлайн режиминде кайра каттоо долбоорун ишке киргизет

  • 9 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирге 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 1-сентябрына чейин автотранспорт каражаттарын онлайн режиминде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзө баштайт.

Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси билдирди.

Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, андан ары улантыла берет.

Автотранспорт каражатын онлайн кайра каттоо жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн ээсине берилген айыптар, туумдар, салыктар боюнча карызы жок учурларда жеткиликтүү болот.

Онлайн кайра каттоо үчүн автотранспорттун ээси автотранспорт каражатын визуалдык кароодон өткөрүп, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек.

Унааны кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул мөөнөттүн ичинде менчик ээси Кыргыз Республикасынын банктары жана “Түндүк” мамлекеттик порталы тарабынан иштелип чыккан тиешелүү тиркемелер боюнча электрондук цифралык кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат.

Никеде алынган транспорт каражатын кайра каттоодо жана нике тууралуу маалыматтар болгондо, жубайы дагы кайра каттоого макулдук берүү үчүн онлайн идентификациядан өтүшү керек.

Ошондой эле ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын каржы мекемелери менен бирге алдыңкы эшиктердин каптал терезелерин караңгылатууга уруксат кагаздарына насыя берүү боюнча маселелер каралып жатат.

Ошондой эле автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат кагазын онлайн режиминде алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы белгниленди . Бул бардык кызыкдар жарандарга «Унаа» бөлүмүнө барбастан эле уруксат кагаздарын сатып алууга мүмкүндүк берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты