Унаа каражаттарын мыйзамсыз каттоого алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте чет өлкөлөрдөн (биринчи кезекте Армения жана Абхазия республикаларынан) ташылып келинген жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталган.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин мурдагы кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын айрым жарандары тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок автоунааларды каттоого алуу, ошондой эле «конструкторлор» деп аталган адамдар тарабынан үчүнчү жактарга кайра сатуу максатында кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

2025-жылдын февралына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде иштеген кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.Т. акчалай сыйлык алуу үчүн Армения жана Абхазия республикаларынан тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасына алынып келинген автотранспорт каражаттарынын ээлерин каттоого алууну сунушташкан.

Учурда республикалык бюджетке жана башка тиешеси бар адамдарга келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү жеңил жана оор жүк ташуучу транспортторду документи жок каттатканы жана бажы төлөмдөрүн төлөгөндүгү үчүн транспорт жана коммуникациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине пара катары накталай акчаларды которуп беришкен.

2025-жылдын 30-майында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарына 8800 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кылмыштуу схеманын уюштуруучулары А.Ш.Т. жана О.у.З. аттуу жарандар кармалган. Алар кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда республикалык бюджетке жана башка тиешеси бар адамдарга келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты