«Умтулуу-2024»: «Политклиника» медиасынын журналисттери 1-орунду ээледи (видео)

  • 2 месяца мурун

«Политклиника» медиасынын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызы менен журналисти Кымбат Турдубекова «Чала блогер эмес, менин балам журналист!» аттуу материалы менен “Умтулуу-2024” кесиптик журналисттик сыйлыгынын «Коомдук кызыкчылык» номинациясын жеңип алышты.

«Чала блогер эмес, менин балам журналист!» материалынын текстин «Политклиниканын» сайтынан, ал эми видеосун медианын YouTube каналынан көрө аласыз. Аталган материал “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен айыпталып, бийлик тарабынан жапырт кармалган 11 журналист тууралуу.

Бүгүн, 13-декабрда Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштурган, кесипкөй журналистика чөйрөсүндөгү «Умтулуу-2024» улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул жылы калыстар тобу 8 номинация жана боюнча катышкан 195 эмгекттин авторлорунун арасынан жеңүүчүлөрдү тандашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты