Улуу Британия ханышасы Елизавета II дүйнөдөн кайтты

  • 2 года мурун

8-сентябрда Улуу Британия ханышасы Елизавета II 96 жашында Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында каза болду.

Балморал сарайына британ ханышасынын тун уулу, тактынын мураскери ханзаада Чарльз жана анын жубайы Камилла, ошондой эле Чарльздын уулу ханзаада Уильям барды.

Ханыша Елизавета II Британияны 70 жыл башкарды. Анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык.

Елизавета II 6-сентябрда эле Лиз Трассты Улуу Британиянын премьер-министри кылып дайындап, 7-сентябрда министрлер кабинетин бекиткен.

Елизавета II өлкөнүн жаңы премьер-министри менен Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында жолуккан. Адатта премьер-министрлер Букингем же Виндзор сарайында дайындалат. Бирок бул жолу дарыгерлер ханышанын ден соолугуна байланыштуу Шотландиядан кетпөөнү сунушташкан эле.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты