Улуттук валютанын киргизилген күнү. Куттуктоо
- 1 год мурун
Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев банк тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Сиздер мамлекеттик жана жеке демилгелерди ишке ашырууга баа жеткис салым кошуп, ишкердикти, инвестициялык чөйрөнү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатасыздар. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздердин жана жогорку профессионалдуулугуңуздардын аркасында банк системасынын динамикалуу өнүгүүсү уланууда, муну негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү далилдеп турат. Банк секторунун жалпы активдери, кредиттик портфели жана депозиттик базасы көбөйдү” деп айтылат куттуктоодо.
“Технологиялык прогресстин доорунда сиздердин ишиңиздердин артыкчылыктуу багыттарынын бири – накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү камтыган санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү болуп саналат. Климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди эске алуу менен жашыл экономиканы өнүктүрүү дагы учурдун актуалдуу талаптарына кирет. Азыркы чакырыктар банк кызматкерлеринен прогрессивдүү мамилени, өзгөчө көндүмдөрдү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылат”.
Бүгүн, 10-майда, Кыргызстан улуттук валютасын – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизгенине 32 жыл болду. Улуттук валюта мамлекеттин эгемендигин даңазалаган анын ажырагыс символуна айланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




