Улуттук валюта — сомдун киргизилгенине 31 жыл болду

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 10-майда, Кыргызстан улуттук валютасын – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизгенине 31 жыл болду. Улуттук валюта мамлекеттин эгемендигин даңазалаган анын ажырагыс символуна айланды. 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Өлкөбүздүн банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн, анын ичинде насыя көлөмүн көбөйтүү, депозиттик базаны жана капиталды өстүрүү менен өзүнүн туруктуу өнүгүүсүн улантууда».

«Азыркы заманбап шартта санарип технологияларынын өнүгүүсүн, дүйнөлүк тенденцияны жана чакырыктарды эске алганда, банк секторуна санарип инфратүзүмдүн потенциалын өстүрүүнү, инновациялык өнүмдөрдү кеңири колдонууну, туруктуу каржылоо принциптерин жана жашыл экономиканы ишке киргизүүнү тездетүүсү зарыл» деп айтылат куттуктоодо.   

Сүрөт: nbkr.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты