Улуттук валюта сом киргизилген күн. Банк кызматкерлерин куттуктоо
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 10-май, улуттук валюта-сомдун киргизилгенине 33 жылдыгы жана. банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Бул күн өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү окуя – улуттук валютабыздын, кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу болуп саналат. Бул окуя мамлекеттин эгемендүү финансы системасын түзүүнүн негизи болуп, заманбап банк секторун өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын кономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө өбөлгө түздү” деп айтылат куттуктоодо.
-Бүгүнкү күндө банк сектору биздин өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, жоопкерчилигиңиздерге жана жогорку деңгээлдеги компетенцияңыздарга байланыштуу финансы системасынын туруктуулугу сакталып, жарандардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейип, банк секторуна болгон ишеними артууда, деди Касымалиев.
Бүгүн, 10-майда, Кыргызстан улуттук валютасын – кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизгенине 33 жыл болду. Улуттук валюта мамлекеттин эгемендигин даңазалаган анын ажырагыс символуна айланды.
Иллюстрациялык сүрөт: Улуттук банк




