Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушуна капсула салынды

  • 2 месяца мурун

31-мартта борбор шаардагы травматология жана ортопедия улуттук борборунун курулушуна капсула салуу аземи өттү.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Саламаттык сактоо министри белгилегендей, жаңы борбор жаракат алган жана таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда адам өлүмүнүн себептеринин арасында жаракат үчүнчү орунда турат жана иштеп жаткан медициналык мекемелер жарандардын муктаждыктарын толук канааттандыра албайт.

«Улуттук травматология жана ортопедия борборунун ачылышы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат” деди саламаттык сактоо сактоо министри Эркин Чечейбаев.

Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушуна капсула салынды
Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушуна капсула салынды

Сүрөттөр: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты