Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 27-августта президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рысбекова Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басары Нурбек Букуевди тааныштырды.
Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Нурбек Букуев министрдин орун басары болуп дайындалган.
Букуев Нурбек — хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, доцент. Клиникалык, башкаруучулук жана илимий-педагогикалык багыттарда 21 жылдык эмгек тажрыйбасы бар.
2024-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп, дарылоо, илимий жана билим берүү иштерин уюштуруу, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүү, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барган.
Сүрөттө: Нурбек Букуев. Саламаттык сактоо министрлиги




